Арча-Бешикте 522 миң сомдук акцизсиз товарлар аныкталды (видео)
Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда тиешелүү акциздик маркалары жок, жалпы суммасы 522 миң сомдон ашкан товарлар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө 110 литр спирт, 3500 куту тамеки, акциздик маркасы жок никотин камтылган 27 таңгак чайналуучу тамеки сагызы, ошондой эле күмөндүү акциздик маркасы бар 41 бөтөлкө алкоголдук продукция табылды.
"Аталган продукцияны сактоо жана андан ары сатуу ишин чет өлкөлүк жаран жүргүзүп келгени аныкталды. Товарлар шаардагы курулуш объекттеринин аймагында сатылып, төлөмдөр QR-код аркылуу кабыл алынган. Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди",- деп белгиленген маалыматта.
Арча-Бешикте 522 миң сомдук акцизсиз товарлар аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















