Токмокто чучук талап кылган аткаминер милицияга жеткирилди
Токмоктун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага калаа тургунунан чучук талап кылган деген кине коюлууда. Жарандардын бири губернатор өткөрүп жаткан жыйында аткаминер ага жер тилкесин коммерциялык багыттан турак жай куруу багытына өзгөртүп берүү үчүн чучук сураганын айтып арызданган.
Аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















