Чычканда таттууларды жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды (видео)
Бишкек-Ош унаа жолунун 270-чакырымында таттуу азыктарды ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ЖКККББнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Жүк ташуучу унаада 20 тонна кондитердик азык-түлүк болгон.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Кырсыктын себептери такталууда.
Чычканда таттууларды жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















