super.kg logo

ӨКМ: Баткенде селден жабыркаган аймактар тазаланууда

 

21-июнда Баткен облусунун тоолуу аймактарында жааган катуу жамгырдан улам бир нече айылда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Самаркандек айыл аймагында саат 13:00 чамасында тоолорго жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел түшкөн. Анын кесепетинен Жаңы-Бак айылындагы Орто-Сай сел жүрүүчү сайына суу толуп, ички чарбалык жолду каптаган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жол убактылуу жабылганы менен куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында каттам толугу менен калыбына келтирилди. Сел калдыктарын тазалоо иштерине атайын техника тартылып, сайдын ичи тазаланды.

Ал эми Лейлек районунда саат 15:30 чамасында жааган катуу жамгырдан улам Катраң айылынын Келечек конушунда да сел жүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча, сел суулары 4 турак үйгө жана 5 жертөлөгө кирген. Учурда куткаруучулар эң оор жабыркаган аймактарда тазалоо иштерин улантууда.

ӨКМдин Лейлек району боюнча бөлүмүнөн 9 куткаруучу тартылып, кошумча түрдө №13 Жол тейлөө ишканасынан жүктөгүч жана грейдер жардамга берилген. Азыркы тапта турак үйлөр менен жертөлөлөрдү сел калдыктарынан тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: